
Фото с сайта Sputnik (ru.sputnik.kg)
- Зуриддин Нурматов
- Республикалык ден соолукту чыңдоо жана оорулардын алдын алуу борборунун вирусолог-эксперти
Коронавирустун келип чыгышы, жугуу жолдору, жайылышына байланыштуу илимий божомолдоочу топтун жетекчиси.
17-апрель, 2020-жыл
(Оорунун туу чокусуна байланыштуу жасалган Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнөн кийинки интервью)
— Саламаттыкты сактоо министрлиги брифингде айтып жатпайбы, оорунун туу чокусу 20-24-апрелге туура келет деп, ошону эмненин негизинде айтышууда? Силерде кандайдыр бир изилдөө барбы?
— Албетте, бизде мындайдын формуласы бар. Туу чокусу барабар 0,6 көбөйтүлгөн квадрат деген формулага салабыз. Анан ал деген ошол коэффициентти эсептеп, вирус башталган күндөн квадраты жогору карап кете берет. Анан жогору карап кечке кете бербейт да, ошол үчүн ошого факторлорду коюп туруп, инфицирование деген бар да. Инфицирование деген мисал үчүн баарын санаганда 3,10 алдым дагы, бир киши канча кишиге жуктурат экен, ошол жуктурган адам дагы канчасына жуктурат деп улам көбөйүп кете берет. Болжол менен оору 20-25-апрелде көбөйөт.
— Апрелдин аягына барып калабы?
— Ооба апрелдин аягына барып калат. Андан кийин вирус 30%га чейин жетет да, 30%га жеткенден кийин адамдар, бир-эки, үч адамды оорутат. Ошондо барып бир адамга тийсе ал адам оорубайт, кайра кайтат, себеби инфицирование бар да. Ошол үчүн ошол жерден баштап кайра артка тартат. Анан ошондой кылып санаганымда, 24-25не туура келип атат да. Бирок Кытайдыкы бир жума эрте кетти, Италияныкы бир жума эрте кетти, Испанияныкы дагы бир жума эрте кетти. Ушундай эле божомол эсепти Бостон институту да жасаган. Анда мисалы үчүн Италияныкын айтты, үчүнчү аптада вирус кайра азаят деп, бирок, бир жумада эле аяктап калды. Испанияныкын төртүнчү жума апрелде кетет деди эле, ал эми Испанияныкы экинчи жумада эле ылдыйга кетти. А биздики менин болжолум боюнча 20-апрелден баштап ылдыйга кетет. Азыркы күндө, акыркы жуманын ичинде бир дагы региондо мындай деген түшүнүк бар да, физиканы окугансыңбы? Ылдамдануу дегенди билесиң да, ылдамдануу, бул жумада беш болсо, эмки жумада 10, андан кийин жогору кетет. Ылдамдануунун темпи бардык жерде ылдыйлап атат да. Азыркы күндө мен апталар боюнча болжолдуу прогноз жасадым. Ал боюнча караганыбызда вирус көбөйбөй эле азайып жатат. Биринчи жумада мисал үчүн 18-23 чейин 2,7 болгон ылдамдануусу. Андан кийин 24-29 1,9; 30-4 апрелге чейин 1,3; 5-10 апрелге чейин 1,4; 11-16 1,2;17-22 чейин уже 1ге түшөт. Мурунку жуманын деңгээлинен жогору кетпейт, бул мурункуга барабар деген да. А уже 22-апрелден тарта ылдыйга кетет да, менин прогнозум да бул. Ошолорду ушундай кылып жазып бергем, ошону эле сүйлөп жатышат, ошону эле Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык штабка берди, штаб премьер-министр Кубатбек Бороновко берди, Кубатбек Боронов өкмөткө узатты.
— Зуридин агай, акыркы суроом. Сиздердин ушундай изилдөө жүргүзүүдө канча киши катышып атасыздар? Канчооңор иштеп жатасыздар же өзүңүз жалгыз кылып жатасызбы ушунун баарын?
— Жок, башында жалгыз эле кылып жаткам, анан бир тараптуу болуп калбасын деп, атайын буйрук менен болжолдоо боюнча жумушчу топ түзүлсүн деп чечишти. Анан мен башчы болуп, медициналык академиянын эпидемиология кафедрасынын жетекчиси, Кыргыз-орус славян университетинин кафедра жетекчиси чогулуп, 2-3 жаш ординатор менен бардык маалыматтарды чогултуп, иштеп жатабыз.
Май, 2020-жыл
(Премьер-министр Кубатбек Бороновдун коронавирус Кыргызстанда 4,2 миллион кишиге жугат деген божомолунан кийин алынган маек)
— Премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус Кыргызстанда 4,2 миллион кишиге жугат деп айтпадыбы, бул цифраны кайдан алды?
— Ал мындай болду, биз Кыргызстандын миграция кызматынан Орусияда жана чет жакта жүргөн атуулдардын санын алдык, аны жалпы калктын санынан алып салып, 0 жаштан 9 жашка чейинки балдарды да вирус жукчу калктын санынан кемиттик. Ошондо калган калктын саны 4 миллион 200 миң деп чыгып жатат. Себеби, 0-9 жаштагылардын анализинен вирус чыкканы менен катуу оорубайт, оорунун белгилери дээрлик жок.
— Эми ошол 4,2 миллион адамдын баары оорушу мүмкүн деген сөзбү? Же кандай бул?
— Жок, 4,2 миллион калк азыр Кыргызстанда жашайт, бул биринчиси. Экинчиси, жалпы баягы вирус жуккандан кийин азыркы изилдөө менен салыштырып, Америка, Кытай да изилдөө жасады. 100% адамга жуккан, жугузуп алган адамдардан 3,2си таптакыр оорубайт, бир жолу да чүчкүрбөйт, бир жолу да эч нерсени билбей калбайт, симптом болбойт, мисалы: 1000 адамдыкы,1000дин 700. 300 адам калдыбы 30%, 30% кайра 100% деп алсаң, андан үчтөн экиси жеңил формада болот. Алардын көпчүлүгү ооруканага кайрылбайт.
Ошол үчүн нары жактан 1000ден 100 эле киши калды, 100 кишинин ичинен 10%ы оор, орто оор, өтө оор абалда ооруйт. Азыр биз ошол 10% менен эле иштеп жатабыз. Саламаттык системасындагы керебеттер, дарылоого каражаттар, ушунун баары ошол жалпы вирус жуккандардын ичинен абалы оорлошкон 10%га чукул адамга жумшалат. Бул биринчи этаптагы прогноздоо, экинчи этапты азыркы тапта АКШда CDC иштеп чыгууда, негизи мен ушул уюмду эле сыйлаймын. Оксфорд, Гарвард, Бостон, Гонконг университеттери прогноз берип атты. CDCде мындай накыл кеп бар: “CDC никогда ничего не говорит, если говорит только правду”, мен ошого гана ишенем. Америкада кээ бир штаттарда бир оору катталган учурда, алты катталбаган учур болду, кээ бир штаттарда 24 болду. Орточо эсеп менен CDC Американы мындай деп эсептеди бир киши ооруса биз ошону он кишиге көбөйтүп коюшубуз керек, ушунча киши ооруду деп. Ошондой деп алып карасак азыр биздикинде 40 миң да болжол менен, 40 миңди онго көбөйтүп койсок 400 миң оору болот. Дагы 600 066 киши дагы болуш керек. Анан эмки жумада мен сага изилдөөнүн жыйынтыгы даяр болгондо дагы маалымат берем.
Анда биз 9 аймак боюнча эме жүргүзүп атабыз деп өткөндө айттым эле го антитело канча пайда болду деген суроого жооп издеп жатабыз. Антитело деген ооруп калганда эле эмес, вирус жукса да адамды кыйнабай эле пайда боло турчу зат. Вирус жукса бир дагы чүчкүрүп турбасаң дагы антитело пайда болуп калат. Баткендики бүтсө эле, наркы жумадан баштайбыз.
— А антителону аныктай турган бизде эч кандай лабораториялар аймактарда жок да, Бишкекте эле болуп жатпайбы. Анан кантип аныктап жатасыңар?
— Антителону биз атайын изилдөө жүргүзүп, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен макулдаштык. Алардын бардык стандарттарын, ыкмаларын алдык. Прогноздоону 95% туура аткарууга аракет кылып жатабыз.
Азыр вирус баарына жугушу мүмкүн деп, бардык дүйнө эле айтып атат да, мен да буга кошулам. Карап көрсөңүз, вирус жашоо үчүн күрөшөт, жашоо үчүн күрөшкөндө бүт жалпы элге, бир учурда жугузуп койсо, күчөп кетпейт. Бирок бизде аярлуу катмарлар бар. Андыктан кары-картаң, оорукчан деген 10-15%ке жугузбаганга аракет кылалы.
Июндун башы, 2020-жыл
(Кыргызстанда май айынын аягында, июндун башында коронавирустан каза болгондор аз санда болуп жаткан. Ушул учурда мага (автор Бактыгүл Чыныбаева) чет өлкөдөн телефон чалышып, эмнеге мындай аз көрсөткүч деп кызыккандар болду. Бул суроого жооп алыш үчүн Зуридин Нурматовго кайрылганмын)
— Кыргызстанда азыр өлүм саны өтө эле аз болуп жатпайбы, буга эмне себеп болуп жатат? Бизде эффективдүү дарылоо болгон үчүнбү, же иммунитетибиз күчтүүбү?
— Негизи, бизде Кыргызстанда оорунун саны азыр аз. Анан канчалык аз болсо өлүм да ошондой коэффициентте болот да. Бизде ооругандардын көбү жеңил формада болууда. Ошого өлүм саны да аз. Мисалы, Италияда 65+ курактан өйдө адамдардын 20%дан көбү ооруп жатат, бизде бул көрсөткүч 5-10%. Чет өлкөдө каза болгондордун жашы 81ден жогору экени билинүүдө. Кары-картаң, өнөкөт оорусу барларга коронавирус жукса, опурталдуу болууда. Чет өлкөдө карыялар көчөгө чыкпай, карантиндик режимди сактоодо. Анан вирус жугуп калгандар да көчөгө чыгып, басышпайт. Оорунун белгиси жок, вирусту алып жүрүүчүлөр жаштар эмеспи. Азыр биздин жаштар “оорубайбыз, вирус жок” деп жатышат. Өздөрү оорубаган менен башка кары-картаңдарга жугузуу коркунучун алып жүрүп жатышпайбы. Американы деле окуп жатасызбы? Элинин жалпы 65%ы ооруп жатат. Москвада 35%ынын азыр антителосу,
иммунитети бар, алар ооруп айыккандар. Азыр эпидемиялогиялык карантинди алуу үчүн биз өкмөттүн эле буйругун күтүп жатабыз. Буйрук чыкса эле 2 жуманын ичинде карантин толук алынат. Биз антителосу барларды изилдейбиз.
Июль, 2020-жыл
(Бийлик пневмония менен коронавирустун эсебин бириктирбей, өлүм санын аз көрсөтүүгө жасаган аракетинен улам алынган интервью)
— Зуридин агай мен бир суроо менен эле чалган болчум. Азыр өкмөт, Саламаттык сактоо министрлиги, пневмонияны өзүнчө, Covid-19 оорусун бөлөк эсептеп, статистиканы берип жатпайбы. Буга чейин Кыргызстанда пневмониядан мынча адам өлчү эмес да, эмнеге минтип коронавирусту экиге бөлүп жатышат?
— Пневмония деген бул өпкөнүн сезгенүүсү, анын ар кандай себептери болот. Бактериялардын негизинде чыккан болот. Ошондой эле вирустук пневмониялар да болот. Ушул эле коронавирустун жана башка толгон токой вирустардын негизинде болот. Бирок клиникасы анын ичиндеги операциясы башкача. Аны клиниктер жакшылап айтып берет. Анан буга чейин биздин расмий отчёттордо Советтер Союзунан бери калган бир нерсе бар, пневмонияны эч качан бөлүп карачу эмес. Сөзсүз түрдө сасык тумоого кошулуп, андан кийин гана көрсөтүлчү. Себеби, пневмония сасык тумоонун күчөгөн түрү да. Негизи бул оору ноябрдын аягында күчөп баштайт. Сасык тумоо күчөп, 15-20 күндөн кийин пневмония да күчөйт.
Эмне үчүн пневмониялар көтөрүлөт? Себеби пневмония адамдын иммунитети, организми күчүн жоготкондо ар кандай бактериялар жанан вирустар күч алып туруп өпкөнүн сезгенүүсү башталат, дүйнөдө дээрлик ушундай.
Кыргызстанда мисалы былтыр, 2019-жылы 190 050 адам сасык тумоо менен катталды. Азыркы учурда 100 000ге жетип калды. Эми ар бир айда пневмония боюнча отчёт берилбейт да, ошондуктан оперативдүү отчёт алынып жатат азыр. Бирок булар расмий отчёт эмес. Расмий отчёттор бир жылда бир эле жолу берилет. Былтыркыга салыштырганда азыркы учурда оперативдуу отчёт менен караганыбызда, былтыр өлүм көп болгон эмес. Азыр өлүм көп болуп жатат. Булар биздин оюбуз боюнча, коронавирус менен байланышкан. Дагы бир нерсени айта кетейин мисалы үчүн сасык тумоодо вирусту аныктоо үчүн ооругандын бешинчи, жетинчи күнүндө анан билинчү. Белгилери чыкмайынча кадыресе сасык тумоо менен адам оорусу күчөгөндө гана билип калчу. Ал эми коронавирус андай эмес болуп жатпайбы. Качан гана өпкө жабыр тартып, төмөнкү дем алуучу органдарга вирус түшүп, күчөп кеткенде гана билинип жатат. Бул да болсо вирустун коркунучтуу экенинен кабар берет. Ушундан улам биз диагностиканы өзгөртсөкпү деген сунуш киргизип жатабыз. ПЧР анализдерди мурундан эмес, кургак учуктагыдай какырыктан алса пневмониянын белгисин эрте аныктаса болот окшойт. Азыр биз ПЧР анализди күтүп кыйналып жатпайбызбы. Клиникалык мүнөздүү белгилеринен улам гана дарыгерлер билип калып жатат да. Азыр пневмониядан каза болуп жаткандарды так кесе коронавирус жукту деп айта албайбыз. Стандарттарга туура келбейт. Расмий түрдө коронавирусту аныктоо, диагноз коюу тартиби башкача.